Биз менен байланышыңыз

Москвадан Ошко сапар алган учак Самарага аргасыз конду

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 790 | 0

Москванын Жуков аэропортунан Кыргызстандын Ош шаарына сапар алган учак чукул түрдө Самара шаарына конду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык учак борттогу жаш баланын ден соолугу начарлап кеткендиктен чукул конууга аргасыз болгон.

«Куйбышев шаарынын транспорт прокуратурасынын маалыматына ылайык, учак кечээ кечинде «Курумоч» эл аралык аэропортуна конгон. Учак борттогу жүргүнчү жаш баланын ден соолугу начарлап кеткендиктен чукул конууга аргасыз болгон», — деп айтылат маалыматта.

Жаш балага сасык тумоо диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган. Ал эми учак кийинчерээк Ош шаарына жол тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM