Биз менен байланышыңыз

Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары учуп келди

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 477 | 0

Бүгүн  «S7 Airlines» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы 221 жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон жарандар киргизилген.

Чет мамлекеттердеги Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM