Биз менен байланышыңыз

«Акыйкатчылыкка анча-мынча күнөөмдү тазалайын деп өзүм суранып келдим»

Без рубрики | 27 Сен 2019 | 519 | 0

Акыйкатчылык кызматты мурдараак эле сурансам болмок деп ойлойм. Мындай пикирин акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Өмүр бою бир гана Акыйкатчы институна иштеп көрөйүн деп сурандым. Анткени, ачыгын айтайын, укук коргоо органдарында иштегендер аталган интситутту көп сүйчү эмеспиз. Мен да укук коргоо органынын жетекчиси катары бул институтту көп сүйө бербей, анча-мынча күнөөм бар. Ошол күнөөмдү тазалайын деп өзүм суранып келдим. Уурдабай, жеп-ичпей, түз жүрүп, мыйзамды, элди сыйласаң,Э суу жукпайт. Жамандык да, кир да жукпайт», — дейт Мамытов.

Ал мындан сырткары, кызматка чакырышса, тандабай барып иштей бергенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM