Биз менен байланышыңыз

«Кой-Таш окуясы боюнча комиссияда абакта отуруп чыккандар да бар»

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 808 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамында мурда абакта отуруп чыккандар да бар. Бул тууралуу Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мамлекеттик комиссияга шек келтирбөө керек. Эгерде анын курамына шек болсо, кийин жыйынтыгына да күмөн жаралат. Бул жагын өкмөт эске алса деп ушул маселени көтөрдүк», — дейт акыйкатчы.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда 7-8-августутта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов анын орун басары болгон.

Андан тышкары, комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирген.

Copyright © 2017 Maral FM