Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Кайрылгандардын 70% маселесин коомчулукка чыгарууга каршы

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Сен 2019 | 390 | 0

Акыйкатчы институна кайрылгандардын дээрлик 70 %ы маселелерин коомчулукка алып чыгарууга каршы. Бул тууралуу Акыйкатчы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Мамытов акыйкатчылык кызматка келген соң чуулгандуу кылмыш иштер боюнча абакта отургандар жана жөнөкөй адамдар менен көп жолугуп, көйгөйүн уккан. Бирок жарандар бөлүшкөн көйгөйлөрдү ЖМКларга чыгаруу үчүн уруксат алышы керек.

«Соттун жана тергөөнүн ишине эч кимдин акысы жок. Бизге кайрылгандарга соттук процесске мониторинг жүргүзүү менен жардам беребиз. Биздин өкүлдөр соттук процесстер мыйзам чегинде алып барылганын, прокурордун айыптоосун, жактоочунун сунуштарын карайт. «Күбөлөр суралдыбы?» — деп мониторинг жүргүзөт. Алсак, 100гө жакын сотто ар кандай чара колдонулду», — дейт Мамытов.

Copyright © 2017 Maral FM