Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Карамушкина «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамды билбейт экен

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Сен 2019 | 505 | 0

Акыйкатчы институту мурдагы жылдарга салыштырмалуу балдар маселелери боюнча 5-6 эсеге көп жумуш жасады. Бир эле мисал, өткөн жылы Орусиядан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Акыйкатчы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жакында дагы 1 бала алынып келинерин белгиледи.

Акыйкатчы буга кошумча эл өкүлү Ирина Карамушкинанын «Парламент мурдагы чекистти акыйкатчы кылып дайындап, ката кетирген» деген пикирине комментарий берди.

«Ирина Карамушкина биздин жумушка дагы шек келтирди. Анын бул пикири субъективдүү экенин айттым. Карамушкина «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамды жакшы билбейт экен. Алсак, акыйкатчы соттук, тергөө иштерине катышууга акысы жок. Эгерде депутат кылмыш жасаса, жооп берет. Аны сот аныктайт, акыйкатчыга андай укук берилген эмес», — дейт Мамытов.

Эске салсак, 26-сентябрда депутат Ирина Карамушкина парламенттин пленардык жыйынында Кыргызстанда балдардын укуктары бузулуп жатканын айтып, акыйкатчынын аппараты өз ордун сактап калуу үчүн абайлап иштеп жатканын сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM