Биз менен байланышыңыз

Жакында «Напарниктер-2» тасмасы тартууланат

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 991 | 0

«Напарниктер» тасмасынын уландысы «Напарниктер-2» деген аталыш менен тартылып бүттү. Бул тууралуу аталган тасманын жаратуучулары белгилүү тамашоучулар Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу «Марал-шоу» программасына маек берип жатып маалымдашты.

Алардын айтымында, аталган тасманын бет ачарын өткөрүү ушул жылдын 7-ноябрына пландалып жатат. Андан соң борбордогу бардык кинотеатрлардан көрсөтүлүп баштайт.

Маалыматты берүү менен бирге, «Мурунку жараткан тасмаларыбыз да элге жакшы кабыл алынган. Бул тасмабыз да жакшы көрүлөт деген ойдобуз», — деп кошумчалашты.

 

Copyright © 2017 Maral FM