Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Centerra’дан түшкөн каражаттар максаттуу пайдаланылат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 408 | 0

Алтын казган Centerra компаниясынан түшкөн каражаттарды курчап турган чөйрөнү коргоого жана аймактарды өнүктүрүүгө максаттуу пайдалануу эң маанилүү. Мындай билдирүүнү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимди ишке ашыруу боюнча кеңешмеде айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун жана Жаратылышты өнүктүрүү коомдук фондунун акча каражаттарын пайдалануу механизми жана тартиби каралды. Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кирүүсүнүн өлкө үчүн пайдалуу шарттарына жетишкенин баса көрсөттү. Эми келип түшүүчү акча каражаттарын пайдалануу механизмдерин жаратылышты коргоо жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүү кызыкчылыгында сапаттуу иштеп чыгуу керектигин айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун маанилүү милдеттеринин бири аймактардагы экспортко, инновациялык технологияларга, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, жер-жерлерде инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жаңы ишканаларды түзүү жана учурдагыларын колдоо болуп саналат.

«Эки коомдук фондко бөлүнгөн акча каражаттары бекитилген максаттуу багыттар боюнча гана колдонулушу керек. Бул процесстерди Өкмөт жана коомчулук тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөйт. Жаратылышты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардыгы ачык жана айкын өтүшү керек. Бул масштабдуу жумуштардын жыйынтыгы жарандардын күмөн саноосуна алып келбеш керек. Ошондуктан, биз бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылып жана конструктивдүү ишке даяр болушубуз зарыл», — деди премьер-министр.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Фонддордун ишинин негизги механизмдеринин кем жактарын иштеп чыгуу жана кыска убакыттын аралыгында алардын ишмердүүлүгүнүн оптималдуу моделин көрсөтүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM