Биз менен байланышыңыз

«Иран менен АКШ шарт койбостон сүйлөшүүсү кажет»

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 419 | 0

Иран менен АКШ ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн алдын ала шарт койбостон сүйлөшүүсү кажет. Мындай пикирин Германиянын Тышкы иштер министри Хайко Маас БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында билдирди.

Андан сырткары, «Биз Иран, Орусия жана Кытай менен болгон жолугушууда баса белгилеп өттүк: мындан ары да Ирандын өзөктүк келишимин колдойбуз», — деди министр.

Ошондой эле Хайко Тегеран келишимде көрсөтүлгөн милдеттемелерин аткарышын күтөрүн белгиледи.

Буга чейин БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзүүдөгү шарты санкцияларды токтотуп, өзөктүк келишимге кайтуусу экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM