Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев: Байланышты чыңдоонун бир гана жолу бар — ал, эркин рынок

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 349 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык форумунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен бирге Евразия Экономикалык Биримдигинин өлкөлөрүнүн өндүрүмдөрүнүн көргөзмөсүнө барды. Премьер-министр өз сөзүндө Евразия Биримдиги калыптанып гана калбастан, жыл сайын чыныгы күчкө ээ болуп, экономикалык жактан өз алдынча жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп бара жатканын белгиледи.

«Дүйнөлүк ааламдашуунун заманбап шарттарында Биримдик чакырыктарга гана каршы турбастан, эң татаал социалдык-экономикалык милдеттерди натыйжалуу чечүүдө. Биз бүгүн ар түрдүү аянтчаларда жолугушууларды көп өткөрүп, анда маселелер тууралуу ачык сүйлөшүп, жалпы идеяларды, максаттарды жана милдеттерди иштеп чыгып, бири-бирибизди жакшы түшүнө баштадык. Мындай жолугушуулар бизге өлкөлөрүбүздүн экономикасын өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын түзүүгө, кара ниет кастыкка каршы күрөшүүгө жана тышкы чабуулдарды кыскартууга шарт түзөт. Мындай байланыштардын эң башкы жетишкендиги – бул, качандыр бир жоготуп алган жөнөкөй адамдык мамилелерди активдештирип жатабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Биздин элдерибиздин кылымдарды карыткан тарыхын кайра жаза албайбыз, ал эми адамдардын биримдикке умтулуусун бузууга болбойт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бүгүн ЕАЭБ  — дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойногон мамлекеттер аралык өзгөчө орган болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз товарларынын 80%ы коштоочу документтердин топтому болгон шартта ЕАЭБ рынокторуна эркин келип түшөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн тышкары Кытайдын, Түркиянын, Индиянын жана башка мамлекеттердин инвесторлорун Кыргызстанга каражатын жумшоого чакырды.

Премьер-министр ошондой эле бул алкакта чечилүүнү талап кылган бир катар маселелерди санап өттү.

«Бул — ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар. 2016-жылдан ушул күнгө чейин тоскоолдуктардын саны 279дан 18ге чейин кыскарганына карабастан, тоскоолдуктардын деңгээли дагы эле товарды эркин жүгүртүүгө жана тейлөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Мен ушул жерден – өзүбүздүн ички рынокту коргоо менен, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн глобалдуу ойлонуу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Байланышты чыңдоонун бир гана жолу бар – ал, эркин рынок», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM