Биз менен байланышыңыз

USAID Кыргызстандагы бардык мектептерге 1 млн 200 миң китеп берүүнү пландап жатат

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 723 | 0

Билим берүү министрлиги USAID менен бирге баштапкы билим берүү жаатында ири суммадагы долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Бул тууралуу министрликутин маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Гэри Линден, Тынчтык Корпусунун жетекчиси Анна Хоффман жана АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кирстен Селенджерди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар министрлик менен уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Гэри Линден министрлик менен башталгыч, инклюзивдүү жана жогорку билим берүү жаатында 25 жылдан ашык убакыттан бери кызматташып келе жатканына айтып, «Келгиле, окуйбуз!» сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырганына токтолду. Долбоордун алкагында 9 миңден ашуун мугалим жаңы методология боюнча окутуу семинарларынан өткөндүгүн жана өлкө боюнча бардык мектептерге 1 миллион 200 миң китепти өткөрүп берүүнү пландап жатканын белгиледи. Ошондой эле мындан ары жаңы долбоорду баштоо ниети менен бөлүштү.

Бул жылы ЮСАИД министрлик менен биргеликте башталгыч класс окуучуларынын билимин өркүндөтүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке ашырууну көздөйт. Долбоор мамлекеттик мектептердин 75 пайызын камтып, математика жана китеп окуу боюнча окутуу программасын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталган”, — деди Гэри Линден.

Ал эми Тынчтык Корпусунун жетекчиси Анна Хоффман азыркы учурда Кыргызстанда 100 англис тил мугалими ыктыярчы катары иштеп жатканын белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM