Биз менен байланышыңыз

Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму өтүүдө

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 365 | 0

Бүгүн 25- сентябрда Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму өз ишин баштады. Форумга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразия Экономикалык Комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда. Бул тууралуу Өкмѳттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара үч күнгө уланат. Ал эми төртүнчү күнү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, Евразия Экономикалык Биримдиги уюмунун активдүү катышуучулары бир аянтчага чогулуп, экономикалык алака жана бизнес-кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Форумга эки миңден ашуун адам катышат.

Copyright © 2017 Maral FM