Биз менен байланышыңыз

Ошто VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалынын ачылышы өттү

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 347 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата өтүп жаткан VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, президенттин кеңешчиси Султан Раев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин жана Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова катышты.

Ошондой эле, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Кыргызстандын бардык театрларынын өкүлдөрү кызыл килемден өтүштү.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы Жамал Сейдакматованы ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйлады.

Copyright © 2017 Maral FM