Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Казакстан парламентинин төрайымы менен жолугушту

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 472 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Дастанбек Жумабеков Дарига Назарбаеваны Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына токтолуп, эки мамлекеттин саясий-экономикалык кызматташтыгы жигердүү уланып жатканын жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү дагы да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Дарига Назарбаева боордош эки элдин бир туугандык, достук мамилеси түбөлүктүү экенин билдирип, бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга керектүү болгон парламенттер аралык байланышты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM