Биз менен байланышыңыз

Исаков: Элет жериндеги мектептерде 80 миң орун бош турат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 672 | 0

Элет жериндеги мектептерде окуучулар үчүн 80 миң орун бош турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар көп болгон мектептерге кошумча имарат салуу менен маселени чечүүгө болот. Туура эмес пландаштыруудан улам салынып калган мектептер бар.

«Миграциянын да таасири бар. Мектептерди салууда калктын жыштыгын эске алышыбыз керек. Кайсы бир жерде эл мектепке зар болуп, чыйпылыктап жүрөт. Ал эми айрым жерлерде дарамети бар адамдар түрдүү күчтөр менен мамлекеттик бюджетке киргизип, артыкбаш мектептер салынып кеткен. Биз муну координациялайбыз. Мындай мектептерди башка билим берүү багытына, айталы, бала бакчага бурсак болот», — дейт Исаков.

Ал ар бир райондо үлгүлүү мектептин моделин түзүү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле аймактардагы абалы оор мектептерден кабар алууга ниеттенип жатканын билдирди.

Исаков маалымдагандай, «Жаңы китеп» долбоорунун алкагында ар бир китептен 25 сом ижара акысы алынып, 17 млн сом каражат чогултулган. Мамлекет окуу куралдары менен толук камсыз кылса, китептерди ижарага берүү токтойт.

«Министрликтеги позитивдүү иштердин баарын улантабыз, ал эми коомчулук тарабынан айтылып жаткан негиздүү сындарды оңдоого аракет кылабыз», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM