Биз менен байланышыңыз

ИИМ кызматкерлерин азайтат

Коом | 23 Сен 2019 | 504 | 0

ИИМдин курамындагы штатты кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын II кезеги жыйынтыкталып, кыскарган кызматкерлер аймактарга жиберилди.

Белгилей кетсек, буга чейин  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катарындагы карасанатай кызматкерлерди тазалоо боюнча ИИМге атайын тапшырма берген. ИИМге реформа жүргүзүү зарыл экени, кызматкерлерди сынак менен кабыл алуу керектиги айтылып эле келет. Бул максатта министрлик штатын кыскартуу аракетин көрдү. Мындай кыскартуунун максаты: элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу жана коомчулук менен тыгыз байланышта болуу. Ошол эле учурда, аймактардагы жарандардын кайрылууларына өз учурунда көңүл буруу.

Ички иштер министрлигинин кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы  Эмир Солтонгелдиевдин айтымында, тергөө бөлүмүнө түшүп жаткан фактыларды иликтөө үчүн тажрыйбалуу кадрлар  керек.

Тергөө бөлүмүнө  арыздар көп түшүп жатат. Түшкөн фактылар боюнча так иликтөө жүргүзүү үчүн тажрыйбалуу кадрлар жетишпейт. Ошондуктан, облусттук аппараттардан штаттык бирдиктерди кыскартып, жоруктар бөлүмүнө кызматкерлер жиберилип жатат. 

Жүргүзүлгөн иштерге ылайык, ИИМдин борбордук аппаратынан 118 штаттык бирдик кыскартылып, аймактык бөлүмдөргө жиберилгенин ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов маалымдады. Ал эми тергөө бөлүмдөрүн күчтөндүрүү үчүн кошумча 95, ал эми  жоруктар иши боюнча бөлүмгө 99 штаттык бирдик берилди. Сеитов кошумчалагандай, быйыл тергөө менен жоруктар боюнча бөлүмдөрдүн ролу жогорулады. Өзгөчө райондук, айылдык бөлүмдөргө штаттык бирдик берилүүдө.

Кызматкерлердин ишине жараша борбордук аппараттардын штаттык саны кыскартылып, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарына жиберилди. Негизинен бардык аймактарга, айрыкча, кылмыштуулук көп болгон райондорго жиберилип жатат.

Укук коргоо органдарына, күч түзүмдөрүнө реформа жасоо иштери өлкөбүз эгемендик алгандан бери жүргүзүлүп келет. Бирок өнүккөн мамлекеттер сыяктуу кызматкерлерди сынак менен албаса, чыныгы натыйжа байкалбайт. Мындай пикирин ИИМдин Коомдук Кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов айтып, окутуп-үйрөтүү жок болгондуктан, тажрыйбасы жок жаш кадрлар келип жатканын кошумчалады.

Кайра эле кадр маселесине такалат. Себеби, келген кадрларды окутуп-үйрөтүүлөр  болбогондуктан, ушундай катачылыктар кетип жатат. Кызматкерлерди сынактын негизинде кабыл алуу керек.   

Ошол эле учурда милициянын штаттык санын кыскартууга каршы болгондор да бар. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбековдун пикиринде, кызматкерлерди кыскартса, алар физикалык жактан жетишпей, элдин кайрылууларын кароого көңүл бурулбай калат.

Бир тергөөчүгө 100дөн ашуун арыз түшөт, алар физикалык жактан жетишпейт.  Мында эл акыйкаттын түбүнө жетпей  жүрө берет.  Ал эми азыркы өзгөртүү, кыскартуулары туура эмес.  

Белгилей кетсек, 2018-жылы ИИМде 260 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Мындан сырткары, 150дөн ашуун кызматкер тартип бузуулардын айынан кызматтан четтетилген.

Copyright © 2017 Maral FM