Биз менен байланышыңыз

Ошто Сейдакматованын 80 жылдыгына карата VII ART-ORDO театр фестивалы өтөт

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 383 | 0

Ушул жумада Ошто Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаарыдык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Фестивалдын алкагында 23-27-сентябрь күндөрү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында түрдүү спектаклдар коюлат.

Ага карата бүгүн, 23-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан Эл аралык театр фестивалынын катышуучуларын тосуп алышты.

Коноктор Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, жергиликтүү маданият кызматкерлери менен биргеликте Жамал Сейдакматова баштаган делегациянын курамы менен жолугушту.

Айта кетсек, фестивалдын ачылышы эртең, 24-сентябрда саат 9:30да Ош улуттук драма театрында башталат.

Copyright © 2017 Maral FM