Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик парламенттеринин төрагалары жолугушту

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 418 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүндөгү парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Тажикстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

«Кыргыз-тажик парламенттеринин эң башкы милдеттеринин бири – тарыхый байланышы терең эки элдин бабалардан калган достук мамилесин бекемдөө болуп саналат», – деди Жумабеков.

Өз кезегинде Тажикстан Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров быйылкы жылы эл аралык иш-чаралардын алкагында өткөн бир катар жолугушууларда коңшулук жана өз ара кызматташтыкка тиешелүү көптөгөн маселелер талкуулангандыгын эске салып, мындай тажрыйбаны арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Төрага Дастанбек Жумабеков эки мамлекеттин Өкмөттүк комиссияларынын жумушчу тобунун жолугушуусу тактала элек тилкелер боюнча өз ара бирдиктүү пикирге жетишүүгө өбөлгө болоруна ишенерин билдирип, тыгыз сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жараяндарын тездетүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Copyright © 2017 Maral FM