Биз менен байланышыңыз

Жумабеков 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорду эскерди

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 562 | 0
Бүгүн, 12 — июнда Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад шаарына барып, 2010-жылдагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, андагы курман болгондорду эскерип, маркумдарга багыштап куран окуп, гүл койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, каза тапкандарды унутпай турганын билдирди.

Биз ал трагедиянын кайталанбашы үчүн мындан да биримдиктүү, ынтымактуу болууга тийишпиз. Ошол кайгылуу күндөрдө каза болгондорго көрсөткөн урматыбыз катары биз тынчтыкты сактап, келечек муундар үчүн коомдун ынтымагын улам бекемдеп куруубуз кажет, – деди.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан каза болгондордун жакындарына берүү үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана “Санпа шейиттери” биримдигине каржылык жардам тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM