Биз менен байланышыңыз

Президент экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу керектигин айтты

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 491 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, төрага Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы маалымдады.

Жолугушуу учурунда өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдардын экономикалык терс кесепеттерди азайтуу жана аны жеңип чыгуу жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле постпандемиялык мезгилге биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду.

Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча Өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Эпидемиологиялык кырдаалга жана илдетти жугузуу боюнча жаңы учурларга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүп, оорудан айыгып чыкандардын тенденциясы байкалып жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.

Ошону менен бирге президент мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы зарылдыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM