Биз менен байланышыңыз

Баткендин чек арага жакын аймактарында милиционерлердин саны көбөйдү

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 799 | 0

Баткен облусунун чек арага жакын райондорундагы аймактык ички иштер органдарына жыл башынан бери 43 штат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.

Анын айтымында, бул иштер ИИМ, ОИИБдин борбордук аппараттарындагы штаттык санды оптимизациялоонун экинчи этабынын алкагында жүргүзүлдү. Мындай чечим Баткендин чек арага жакын аймактарындагы абалды жакшыртуу үчүн чараларды колдонуу максатын көздөйт.

Ошондой эле Баткен облусунда жаш өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлордун, жоруктар боюнча жана нөөмөт бөлүмүндөгү тергөөчүлөрдүн саны көбөйдү.

2019-жылы Баткен облусунда коомдук коопсуздук үчүн Көк-Таш айылдык милиция бөлүмү түзүлгөн, анда 28 штаттык орун бар.

Copyright © 2017 Maral FM