Биз менен байланышыңыз

Ош, Жалал-Абадда кооз унаа номерлери сатыла баштады

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 552 | 0

20-сентябрдан тартып Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочуларына «крутой» аталыштагы унаа номурлары сатыла баштады. Акция 2020-жылдын 1-мартына чейин уланат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул пилоттук долбоорду «Инфоком» мамлекеттик ишканасы демилгелеген. Аны «Унаа» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырат.

Долбоор кооз номерлерди берүү мөөнөттөрүн кыскартуу максаттарында жана «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын» өткөрүүнүн алкактарында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардын пластинага басып чыгарылган номурларды карап тандап алуусуна мүмкүндүк берип, каттатуудагы ашыкча жол-жоболорду четтетүүгө шарт түзөт.

Пилоттук долбоор «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык, Ош облустук жана Жалал-Абад облустук бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Долбоорду өткөрүүдөн оң жыйынтык чыккан учурда, сатуулар түйүндөрүнүн санын республика боюнча жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жогорулатуу пландаштырылууда.

Көрсөтүлгөн аймактарда мурдараак кооз номерди алуу үчүн арыз берүүчүлөргө адегенде сертификат сатып алуу үчүн КТБларга кайрылуу, андан кийин тариздетүү үчүн «Унаа» ишканасынын аймактык түзүлүшүнө баруу жана берүүнү даярдоо мөөнөттөрүн жана жеткирилишин күтүүнү эске алуу менен эки жума күтүүгө туура келчү. Эми болсо даяр номерлерден тандап алуу жана ошол эле кезде бул жактан эле каттатып алууга мүмкүн болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM