Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан июлда Volkswagen унааларын сатыкка чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 966 | 0

Өзбекстан Volkswagen автоунааларын өндүрө баштайт. Бул тууралуу «Узавтосаноат» билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жизак автомобиль заводунун» базасында унааларды чыгаруу башталат. Заводдун кубаттуулугу жылына 20 миң автоунааны түзөт.  Volkswagen Caddy унаасы июлда сатыкка чыгат.

Завод ишти Volkswagen Caddy унаасын чыгаруудан баштайт. Азыр заводдун курулушу аяктап калды. Автоунааларды сертификациялоодо колдонуу үчүн өлкөгө Volkswagen Caddy үлгүсүнүн партиясы жеткирилди.

Ушул жылдын март айында «Узавтосаноат» жана «Фольксваген Груп Рус» компаниялары «Жизак» эркин экономикалык аймагында жеңил коммерциялык автоунааларды өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM