Биз менен байланышыңыз

Жумагазы Садыр уулу: Орус тили үстөмдүгүн бербей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2019 | 688 | 0

Кыргыз тили орус тилине караганда алсыз болуп турат. Ошондуктан, орус тили үстөмдүгүн бербей жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер, «Ашар» кыймылынын лидери Жумагазы Чоңаюу Садыр уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тили үй-бүлөдөгү баарлашуунун, базардагы мамилелердин тили болуп калды. Бирок эл, бардык мекемелер кыргызча ойлонуп, кыргызча жазууга өтүшү кажет. Ошондо гана кыргыз тили толук пайдаланууга кирген болуп саналат.

«Кыргызстандын чегинде мамлекеттик тил гана болот деген аң-сезимге жетпей жатабыз. Маселен, Орусияга барган адамдар кор болуп калбасын дегенсип, орус тилин расмий тил катары киргизип алганбыз. Демек, күчтүүсү жеңип кетет. Мекемелерде бардык документтер биринчи кезекте кыргыз тилинде жазылса деп кыялданат элем. Бирок ал ишке ашпай жатат. Азыр да кыргызча деп айтылганы менен орусча ой жүгүртүп көнгөн мыйзам чыгаруучуларыбыздын баары алгач  орусча жазат, андан соң которот», — дейт Садыр уулу.

Айта кетсек, бүгүн, 23-сентябрда өлкөдө мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатат.

Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө [сүрөт]

Copyright © 2017 Maral FM