Биз менен байланышыңыз

Москвада “Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү” балдарды окутуу клубу ачылды

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 534 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин залында кыргызстандык жарандардын балдары үчүн “Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү” аталышындагы балдарды окутуу клубунун ачылышы болду. Бул тууралуу аталган элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын “Агартуу Билим Борбору” мугалимдер Ассоциациясы жана “Мир Вам” тил мектеби тарабынан 6 жаштан 7 жашка чейин балдар үчүн кыргыз  тили сабагы боюнча курсун өткөрүү боюнча кыргыз тили мугалимдеринен уюму түзүлдү.

Салтанаттуу ачылышка Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын жетекчилери, активисттери, ошондой эле балдар тил үйрөнүү курсуна катышкан балдардын ата-энелери катышты.

“Мир Вам” тил мектебинин балдарды окутуу долбоорунун биринчи баскычы “Скоро в школу” деп аталып, балдар төрт айлык окуу курсунда билим алышты. Орус тилди окутуу курстары азыркы кезде да уланууда. Ал эми “Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү” окуу курсу долбоордун экинчи баскычы болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM