Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө [сүрөт]

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 873 | 0

Бүгүн, 23-сентябрь — «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынган күн. Анын быйыл 30 жылдыгы белгиленип жатат. Бул маараке Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленүүдө. Бул тууралуу «Маралга» Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышары күтүлүүдө.

Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсү, ошондой эле Өкмөткө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин атайын көргөзмөсү, «Санариптештирүү доорунда» аттуу мобилдик тиркемелердин көргөзмөсү өтүүдө. Майрамдык салтанат саат 11:00дө филармониянын чоң залында башталат.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM