Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» партиясына кайрадан Канатбек Исаев төрагалык кылат

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 577 | 0

Бүгүн, 22-сентябрда «Кыргызстан» саясий партиясы VI съездинде Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кайрадан партиянын лидери болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди.

«Кыргызстан» саясий партиясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов партиянын төрагалыгына Канат Исаев, Дастан Жумабеков жана Алмаз Баатырбековдорду сунуштады. Бирок Дастан Жумабеков жана Алмаз Баатырбековдор партиянын төрагалыгынан баш тартышып, Канат Исаев кайрадан төрага болуп шайланды.

«Кыргызстан» саясий партиясынын VI съездинди Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болуп, ага партиянын 1095 делегаты жана чакырылган коноктор катышты.

Эске салсак, «Кыргызстан» саясий партиясына 2015-жылдын июль айынан бери Канатбек Исаев төрага болуп  келет.

Copyright © 2017 Maral FM