Биз менен байланышыңыз

Исаев: БШК соттун чечимин аткаруудан баш тартып жатат

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 519 | 0

«Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясы соттун чечимин аткаруудан баш тартты деп эсептейт. Мындай пикирин «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев маалымат жыйында билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолордо добуш сатып алуу фактысы катталган учурда да партияны шайлоодон четтетпей, эскертүү берүү менен гана чектелген,-деди Исаев.

Эскерте кетсек, 25-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. Буга документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбегени негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечиминин үстүнөн сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул иш боюнча Жогорку Сотко кайрыларын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM