Биз менен байланышыңыз

БШК «Кыргызстан» партиясын каттоого алды

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 525 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрындагы отурумунда «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин кабыл алды.

Буга чейин, Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясы боюнча чечимин күчүндө калтырган. 1-сентябрда Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын карады. Анда БШКнын өкүлү «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн документтерди жана талапкерлердин тизмесин берүүдө мыйзам бузганын айтты. Ошондой эле документ тапшыруу үчүн партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам келгени айтылды.

БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган партиялардын документтерин 24-августта кечки саат 18.00дө кабыл алууну токтоткон. «Кыргызстан» саясий партиясы документтерин тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен 25-августта кагаздары артка кайтарылган.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат боюнча 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек.

«Кыргызстан» партиясы БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырган. 29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

Ал ортодо Жогорку соттун имаратынын алдында таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган акция өтүүдө. Кырдаалды милиция көзөмөлдөп жатат. Соттун алдына «Кыргызстан» партиясынын колдоочулары да келген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий каттоосунан 15 партия өттү.

4-сентябрдан тарта үгүттөөгө расмий түрдө уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM