Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Кыргызстан» саясий партиясынын VI съезди өтөт

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 431 | 0

Бүгүн, 22-сентябрда «Кыргызстан» саясий партиясы өзүнүн уставына ылайык кезектеги VI съездин өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди.

Саясий кеӊеш партиянын уставынын 5.4.1 пунктуна ылайык кезектеги съездди чакыра алат. Партиянын өткөн аптада болгон жыйынында партиянын кезектеги – 2 жылда бир өтө турган съездин чакыруу тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми уставдын 5.5.1 пунктуна ылайык партиянын төрагасы 4 жылга шайланат жана бир адам 2 мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

«Кыргызстан» саясий партиясынын учурдагы төрагасы Канатбек Исаев 2015-жылдын июль айында төрага болуп шайланып, бүгүнкү күнү Жогорку Кеңешинин VI чакырылышындагы «Кыргызстан» фракциясынын лидери кызматын аркалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM