Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүк Аппараттын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип камакка алынды

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 372 | 0

Өкмөттүк Аппараттын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Бул маалыматты бүгүн, өздүк булактарына таянып, АКИpress агенттиги жазып чыкты.

Болжолдуу маалымат боюнча, Аскер прокуратурасы аны коррупцияга айыптап жатканы айтылат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Скобеев 17-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Скобеев 2018-жылдан апрель айынан тарта Өкмөттүк Аппараттын талдоо жана болжолдоо секторун, коргонуу, укук тартип жана чукул кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Бул кызматтарды аркалаган учурда ал жаңы Кодексти киргизүү жана «Коопсуз шаар» сыяктуу бир катар Өкмөттүк долбоорлорго катышкан.

2019-жылдын 17-сентябрында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага «Коопсуз шаар» долбоорунун I этабын ишке ашырганы үчүн алкыш жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM