Биз менен байланышыңыз

Президент Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 1082 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду аялдар күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бүт кыргыз эли Дүйнө чемпионатындагы ата мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса көрсөттү. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин өзгөчө айтты.

Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова Мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын айтты. Ал жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM