Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы алмашат

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 567 | 0

22-сентябрда «Кыргызстан» саясий партиясы өзүнүн уставына ылайык кезектеги VI съездин өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди.

Саясий кеӊеш партиянын уставынын 5.4.1 пунктуна ылайык кезектеги съездди чакыра алат. Партиянын өткөн аптада болгон жыйынында партиянын кезектеги – 2 жылда бир өтө турган съездин чакыруу тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми уставдын 5.5.1 пунктуна ылайык партиянын төрагасы 4 жылга шайланат жана бир адам 2 мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

«Кыргызстан» саясий партиясынын учурдагы төрагасы Канатбек Исаев 2015-жылдын июль айында төрага болуп шайланып, бүгүнкү күнү Жогорку Кеңешинин VI чакырылышындагы «Кыргызстан» фракциясынын лидери кызматын аркалап келет.

Канатбек Исаев (Өмүр баяны)

1975-жылдын 7-февралында Чүй районуна караштуу Кошой айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөө менен баштаган.

1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген.

2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук Мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2002-2005-жылдары «Тынай-Ата» биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген.

2005-жылы Финансы министрлигинин кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.

2006-2008- жылдары «Кыргызгаз» акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэрлигине дайындалган.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.

2010-жылдын декабрынан 2012-жылдын июнь айына чейин «Республика» депутаттык фракциясынын жетекчиси кызматын ээлеген.

2013-2015-жылдары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

2015-жылдын июль айынан тартып «Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы болуп шайланып, бүгүнкү күнү Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери кызматын аркалап келет.

Кошумча:

«Көк-Бөрү» федерациясынын президенти. 2013-жылы Эл аралык «Көк-Бөрү» федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. «Тынай» көк бөрү клубунун негиздөөчүсү.

Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Салык кызматынын 3 рангдагы кеңешчиси чинин алган.

КМШ ПААнын юбилейлик медалы менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси чини бар.

Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.

 

Copyright © 2017 Maral FM