Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер күнү: Өлкөдө 402 миңге жакын жеке ишкер бар

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 806 | 0

Бүгүн, 20-сентябрь — Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы. Бул күн Өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрындагы токтому менен бекитилген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2018-жылы өлкө боюнча 15 миңге жакын ишкана катталган: алардын 93 %ы чакан, 5 %ы орто ишкана болуп эсептелет. Анын 26 %ы соода-сатык, 15 %га жакыны өнөр жай, 12 %ы курулуш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Ушул жылдын 1-январына карата 402 миңге жакын жеке ишкер бар экени такталган. Ал эми чакан жана орто ишканаларда 2018-жылы иштегендер 91 миң адамды, тактап айтканда, экономика тармагында иштеп жаткандардын жалпы санынын 4 пайызын түзгөн.

Ушул жылдын биринчи жарымында чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата 33 %ды түздү. Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 231 млрд сом, же болбосо ички дүң өндүрүмдүн 41,5 %ын түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM