Биз менен байланышыңыз

Тунис: Экс-президент Сауд Аравияда каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 513 | 0

Тунистин экс-президенти Зин аль-Абидин бен Али 83 жашында Сауд Аравияда каза болду.

Айрым маалыматтарга караганда, ал катуу ооруп, акыркы үч айдан бери реанимацияда жаткан.

Зин аль-Абидин бен Али президенттикке 1987-жылы шайланган. 2011-жылы «Араб жазы» деп аталган саясий толкундоодон кийин кызматтан кеткен.

Тунис оппозициясы бен Алини «демократиялык баалуулуктарды сактабай, диктатура орнотту» деп сындап келген. Сот алгач экс-президентти 35 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң аскердик трибунал 2011-жылдын башында көтөрүлүшкө чыккандарды өлтүргөнү үчүн деп өмүр бою эркинен ажыраткан. Мындай чечимден кийин бен Али Сауд Аравияга качып кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM