Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Чек ара боюнча комиссия картаны көрсөтө албай койду

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2019 | 997 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Маралга» берген маегинде делимитация жана демаркация маселелери боюнча иштеп жаткан өкмөттүк комиссия картаны көрсөтө албай койгонун билдирди.

«Биз картаны билсек да, башка депутаттар билбей калышы мүмкүн. Комиссия карта, мурдагы документтер менен иштеп, архивди аңтарып чыгышы керек», — дейт Төрөбаев.

Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрү туруктуу эмес. Мындан улам аларды башка кызматынан бошотуу керек.

Эл өкүлү Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Хожа Олимзодага чек арадагы чырдан соң гана нота тапшырганын сынга алды.

«Эмне үчүн 13-14-сентябрда нота бербейт? Интернетте техникалар бара жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Алар кайсы жерден чыгып, кайда баратканын айтышы керек эле. Кечээ парламентте сатылып кеткен жерлер иликтенип, хронология боюнча карап чыгып, чек арадагы чырдын алдын алууга чара көрө албаган жетекчилерге юридикалык баа берүү тууралуу сөз болду. Андан соң жоопкерчилик маселесин карайбыз», — дейт депутат.

Кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеӊеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында уккан.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылды

Copyright © 2017 Maral FM