Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 939 | 0

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси С. Олимзода Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы өкүлүнө нота тапшырды.

Анда Максат жана Сай айылдарына жакын чек ара аймактарында Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине катуу нааразылык билдирилген.

Жолугушууда ошондой эле, Тажикстандын бул аракети ушул жылдын 26-июлунда жетишилген макулдашууларга дал келбей турганы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM