Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт маркум чек арачынын үй-бүлөсүнө батир бериши керек»

Коом | 3 Окт 2019 | 926 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгон кыргыз аскеринин үй-бүлөсү батирде жашап жатат. Бул маселени эл өкүлү парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Ал эми мыйзам боюнча чек арачынын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн милдети экенин юристтер белгилейт. 

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев кыргыз-тажик чек арасындагы чырда өмүрүн тобокелчиликке салган аскерлерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. Мындан сырткары, ал каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсү батирде жашап жатканын айтып, алардын турак жай маселесин чечүү керектигин белгиледи.

— 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 3 баланын атасы Муминов Равшанбек каза болду. Анын үй-бүлөсү бүгүнкү күндө Исфана шаарында батирде жашап келет. Ошондуктан мен сунуштайт элем, малекетибиз үчүн өз өмүрүн аябаган, патриот жигитибиздин балдарынын турак жай маселесин чечип берүүнү. Ошондой эле, каза болгон жана жараат алган жигиттерибизди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтсөк.

Ал эми Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов Максат айылындагы окуяда жарадар болгондорго жардам көрсөтүү үчүн эсеп бирдиги ачылганын айтып берди. Анын белгилешинче, топтолгон акчанын бир бөлүгү каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө берилет.

— Банктан эсеп бирдигин ачтык. Максат айылындагы окуяда жарадар болгон жарандарга, аскер кызматкерлерине жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акыбызды котордук. Албетте, чогулган каражаттын бир бөлүгү каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө жардам катары берилет. Муминовдун үй-бүлөсү чындыгында батирде жашайт. Аларды турак жай менен камсыздоону акча толук топтолгон соң сүйлөшөбүз.

Максат айылында болгон окуяда чек арачылар берген антын так аткаргандыгы бааланышы керек. Ал эми каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоого Өкмөт милдеттүү. Мындай пикирин Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев билдирди.

— Мыйзамда көрсөтүлгөн: эгерде аскер кызматкери өзүнүн кызматын аткарып жаткан учурда каза болсо, анын үй-бүлөсүнө сөзсүз түрдө материалдык жардам көрсөтүлүшү керек. Анын ичинде эгерде үй-жайы жок болсо, Өкмөт камсыздап берүүгө милдеттүү. Андан сырткары, жигиттерибиз берген антына бек туруп, өз кызматын толук аткаргандыгын бааласа болот. Ал эми «5 киши өлтүрсө орден, 10 киши өлтүрсө баатырлык берилсин», — деп айткан туура эмес.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда куралдуу кагылыш болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминов Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара пунктунда кызмат өтөгөн. Ал 16-сентябрдагы атышууда каза таап, артында жубайы, үч баласы жана карыган апасы калган. Алар учурда батирде турушат.

Copyright © 2017 Maral FM