Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Исфара-Ворух жолу ачыла элек

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 934 | 0

Бүгүн, 23-июль эртең мененки саат 7.30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында атышуу токтогон. Чыр чыккан жерде чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми Исфара-Ворух жолу жабык бойдон турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.

Эске салсак, 22-июлда Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, кечки саат 17:20 чамасында Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары Ай-Сай-Ворух жолуна желек орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чырдаша кетишкен.

Алгач кол менен, таяк менен башталган мушташ, бара-бара курал колдонууга жеткен. Жаңжалдан кыргыз тараптан 8 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Чырдан улам Исфара-Ворух жолу жабылды. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ал эми «Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан 1 адам каза таап, 7 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM