Биз менен байланышыңыз

Лейлектеги 2 жарандын уурдалгандыгына байланыштуу Тажикстандын элчисине нота тапшырылды

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 895 | 0

Бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 24-апрелинде КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын элчисине Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын компетенттүү органдарынын Кыргызстандын 2 жаранын уурдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин белгиледи.

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Баткен облусунун Лейлек районунун Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшүп, алар дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулган.

Лейлекте уурдалган эки жаран окуянын чоо-жайын айтып беришти

Copyright © 2017 Maral FM