Биз менен байланышыңыз

Лейлекте уурдалган эки жаран окуянын чоо-жайын айтып беришти

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 7337 | 0

Кечээ 24-апрелде, тажик аскерлери тарабынан уурдалган 19 жаштагы Дастан Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулу аттуу эки жаран Кулунду айыл өкмөтүнүн ооруканасында текшерүүдөн өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Алардын бири Дастан Ашрапов алардын уурдалышы боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, алар үй салып жаткан жерге курулуш материалдарын кайтаруу үчүн келишкен. Балдар уктап жаканда, болжол менен түнкү саат 01:30 дар чамасында беткап кийген 5 адам келип, аларды ур токмокко алган.

«Бизге түн ичинде 5 адамдай келип кол салышты. Алар коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери болгон. Футболкаларыбызды чечип, биздин башыбызга кийгизишти. Эч нерсе көрүнгөн жок болчу. Тажикстандын чек ара постуна алып келишкен. Бизди ошол жерден дагы сабашкан. Бошотулгандан кийин, алгач бизди ооруканага алып келишти, бирок дем алыш күндөргө байланыштуу дүйшөмбү күнү кайра кайтып келишибидзди айтып, үйүбүзгө жөнөтүштү. Ден-соолугума даттанууларым жок. Эң башкысы, мен үйгө кайтып келдим», — деди уурдалган балдардын бири.

Кол салган адамдар — балдарга куруп жаткан жер тажик тарапка таандык экендигин айтышкан.

Окуя орун алган аймактын батыш бөлүгүндө, ошол жердин 90 км алыстыкта, тажик тарапка таандык, бирок белгисиз аймакта жайгашкан дамба бар.

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Баткен облусунун Лейлек районунун Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшүп, алар дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM