Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: ЖК Өкмөттүн маалыматын жабык угуп жатат

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 442 | 0

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык талкууламай болушту.

Төрага Дастан Жумабеков купуя айтылчу сырлар болгондуктан Максат айылындагы чек ара боюнча өкмөттүн маалыматын жабык угууну сунуштады. 77 добуш менен сунуш кабыл алынды. Азыркы учурда эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасын жабык талуулап жатат.

Кошумчалай кетсек, 18-сентябрдагы отурумга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан Жогорку Кеңешке бүгүн 19-сентябрь келүү сунушун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM