Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чече албай жатат

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 463 | 0

Депутат Таабалды Тиллаев Баткен облусундагы чек арадагы окуялар боюнча өкмөткө тапшырма берүүнү сунуштады. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жөнгө салуу боюнча иштер алгылыктуу жүрбөй жатканын айтты. Ошол себептүү Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, өкмөт бул маселе боюнча ар эки ай сайын депутаттарга маалымат берип турушу керектигин эскертти.

— Ал жакта жолдор, чек араны тактоо жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштер жүрбөй жатат. Ошол үчүн өкмөттүн маалыматын угушубуз керек. Өкмөт атайын программа кабыл алып, ага депутаттардан да кошобуз деген болчу. Бирок бир да депутат чакырылган жок.

Кошумчалай кетсек, 13-мартта Баткен районунун Аксай айылынын эли менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анда ок атышуулар болуп, жол жабылган. Бул боюнча маселени парламент жабык карап, токтом кабыл алынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM