Биз менен байланышыңыз

Бишкекке алынып келинген жабырлануучулардын сегизине операция жасалды

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 446 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркап, Бишкекке алынып келингендердин сегизине бүгүн, 19-сентябрда жасалган операция ийгиликтүү өттү. Учурда баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Травматология жана ортопедия борборунда учурда ар кандай жараат алган 10 адам дарыланып жатат.

Мындан сырткары, дагы 3 адам Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Экөөнүн абалы оор. Бири эсине келбей жатат.

Эске салсак, 16-сентябрда чек арадагы кагылышта жалпысынан 14 адам жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM