Connect with us

Ооганстанда кайрадан жардыруу, жоопкерчилик Талибан кыймылында

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 488 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Ооганстандын түштүк тарабында улуттук коопсуздук башкармалыгынын имаратында унаа жардырылды. Андан улам 20дай киши каза болуп, 100ү ар түрдүү жаракат алды. Бул тууралуу «Tolonews» каналы билдирди.

Жардыруу боюнча жоопкерчиликти Талибан радикалдык кыймылы алды.

Эске салсак, 17-сентябрда Ооганстанда президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 24 киши курман болгон. Ошол эле күнү борбор калаа Кабулда болгон жанкечтинин жардыруусунан 22 адам ажал тапкан. Эки кол салуу үчүн тең «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алган. Алар муну менен 28-сентябрда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүгө каршы экенин билдиришкен. Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM