Биз менен байланышыңыз

«Кызматкер камера аныктоочу бузуулар боюнча протокол түзүүгө акысы жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2019 | 707 | 0

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде жол коопсуздугун камсыздаган кызматкер камера аныктоочу бузуулар боюнча протокол түзүүгө акысы жок экенин билдирди.

«Бирок камера мас абалында бара жаткан, коопсуздук курун тагынбаган айдоочуну аныктабайт. Мындай бузуулар боюнча биздин кызматкерлер тиешелүү чара көрүп, протокол түзүүгө милдеттүү», — дейт Саркулов.

Анын айтымында, камералар тиешелүү бузууларды гана аныктайт, баарын аныктабайт. Айрым айдоочулар унаасын туура эмес токтотуп, башкаларга ыгайсыздык жаралууда. Мындан улам жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер камера турган жерде да иш алып барат.

Эгерде кызматкер жазып берген протокол жоголуп кетсе, эреже бузган айдоочу ИИМдин жакын жердеги кызматтык бөлүккө паспорту менен кайрылышы керек. Ал жерден кызматкерлер протоколдун номурун жазып берет. Анын негизинде айып пул төлөөгө болот.

«Коопсуз шаар долбоорунан түшкөн акчанын эсебинен кызматкерлерди мотивациялоо жок. Борбор калаага коюлган камералардан түшкөн каражаттын 25 %ы  Бишкек мэриясына бөлүнөт. Ал акча камера коюлган жердеги жолдордун инфратүзүмүн жакшыртууга сарпталышы кажет», — дейт Саркулов.

Ал мындан сырткары, мыйзам чегинде айрым кызматкерлерге баланста турган унаа каражатынын айнегин караңгылатууга уруксат берилгенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM