Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Мигранттардын балдарын өзүнчө категорияга бөлүү керек

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 502 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков: «Чет мамлекетке иштеп кеткен ата-энелердин Кыргызстандагы балдары каралбай калган жагдайды кантип жөнгө салуу керек?» — деген маселени көтөрүп чыкты.

-Башка жакта эмгектенип жүргөн ата-энелердин балдарынын зомбулукка кабылуусуна биз кандай жардам бере алабыз? Өспүрүмдөр бала кезинен туугандарынын запкысын көрүп, кыйынчылык күндөрдү өткөрүп жатат. Бул маселени кантип чечсек болот? Сунуштар барбы?

Акыйкатчы Токон Мамытов бул жагдайда мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ага «мигранттын баласы» деген түшүнүктү киргизип, ошонун негизинде жогорку бийлик өкүлдөрү, Өкмөт, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мигранттардын балдарын өзүнчө категорияга бөлүү керек деген пикирин билдирди.  Ошол эле мезгилде, Мамытов балдардын баарынын укугу корголушу керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM