Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Сот менен милициядан кордук көргөндөр көп кайрылат

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 435 | 0

Өткөн жылы акыйкатчынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнө 3237 кайрылуу кат түшкөн. Булардын 142си жамааттык кайрылуу болуп саналат, ошондой эле, 6115 адам оозеки кеңеш алган. Кайрылгандардын жалпы саны 11260 адамды түздү. Бир дагы кайрылуу көңүл буруусуз калган жок. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Акыйкатчы ар бир кайрылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга каттар жолдонгонун, арыз ээлерине адистер тарабынан сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, натыйжада көптөгөн арыз ээлеринин укуктары калыбына келтирилгенин билдирди.

«Көрүнүп тургандай, жарандардын кайрылууларынын 63 пайызы сот жана укук коргоорылат кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу болууда», — деди Токон Мамытов.

Андан тышкары, 2018-жылы оң жагына чечилген маселелер 13,2 пайызды түзгөнү, же болбосо 376 жарандын кайрылуусунда айтылган өтүнүчтөр канааттандырылганы белгилүү болду. Ошондой эле, акыйкатчынын аппарат кызматкерлери арыздануучулардын өтүнүчү менен 1203 соттук отурумга катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM