Биз менен байланышыңыз

Кочкоров Түштүк Кореядан келген кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 431 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Түштүк Кореядан келген «Коляскалар», «Чакан жардам» жана «Жардам берүү шаттыгы» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда фонддор тарабынан берилген коляскаларды кабыл алып, аларды майып жарандарга тапшырып берди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Улукбек Кочкоров фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

«Мамлекет муктаж жарандарыбызды коляска менен камсыз кылып, аны өз жоопкерчилигине алган. Ошондой болсо да, муктаждарга кылган жардамды ыраазылык билдирүү менен кабыл алдык. Министрлик дайым кызматташып, сиздердин берген кайрымдуулуктарды өз дарегине жетишине көмөк көрсөтөт», — деди ал.

«Коляска» фондунун өкүлү Пак Хи Дал министрдин жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын айтып, «Министр мырза биздин арзыбаган кайрымдуулук иш-чарабызды көлөмдүү жумуштай баалап, өзгөчө жылуу маанайда тосуп алганына ыраазы болдук. Жолугушуу мындан ары дагы кызматташууга жол ачат деп ишенебиз. Биз алгачкы жолу Кыргызстанга келдик, алдыда дагы көп кырдуу кызматташуу пландарыбыз бар» — деди.

Белгилей кетсек, жогорудагы кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү 260 колясканы республика боюнча муктаж жарандарга министрлик менен биргеликте тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM