Биз менен байланышыңыз

Лейлекте ок атышууда жабыркагандардын биринин абалы өтө оор бойдон калууда

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 963 | 0

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган 10 кишинин абалы туруктуу. Бүгүн алардын бешөөсүнө пландык операция болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Үчөө жандандыруу бөлүмүндө, 7 киши жалпы палатада дарыланууда.

Ал эми Лейлек аймактык ооруканасында жабыр таркан 3 адам дарыланууда. Алардын экөөсүнүн абалы туруктуу, ал эми дагы бирөөсүнүн абалы өтө оор, комада жатат.

Бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалып, алар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM